Ар бир баланын потенциалын ачабыз.
Туура билим, мыкты мугалим жана колдоочу чөйрө — ошол мүмкүнчүлүктү чыныгы ийгиликке айландырат.

Биз жөнүндө
5+ Билим берүү борбору — келечекке багыт берген билим.
5+ Билим берүү борбору — 10 жылдан бери сапаттуу билим берүү тармагында ийгиликтүү эмгектенип келе жаткан көп багыттуу билим берүү мекемеси. Бүгүнкү күндө борборубуздун жалпы 4 филиалы ийгиликтүү иш алып барат: Бишкек шаарында — 2 филиал, Талас шаарында — 1 филиал, Чүй облусунда — 1 филиал. Биздин билим берүү ишмердүүлүгүбүз Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзүлөт. Биз 5 жаштан баштап окуучуларды, мектеп бүтүрүүчүлөрүн, студенттерди жана чоңдорду окутуп, ар биринин максатына ылайык билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөбүз.
Эмне үчүн 5+?
«5+» — бул жөн гана аталыш эмес. Бул биздин философиябыз. Биздин максат — ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүн толук ачып, аны «5» деген эң жогорку жыйынтыкка жана андан да жогору жетишкендиктерге жеткирүү. Ошондуктан биз көп жылдык тажрыйбабыздын негизинде окуучунун билим деңгээлин, жөндөмүн жана максатын эске алган автордук окутуу программасын иштеп чыкканбыз. Ар бир кардар өзүнүн кызыгуусуна жана келечектеги максаттарына жараша 5 жана андан көп курсту айкалыштырып окуй алат.
Биздин миссия
Ар бир баланын, жаштын жана чоң адамдын ички мүмкүнчүлүгүн ачып, заманбап билим, технология жана тарбия аркылуу алардын келечектеги ийгилигине бекем негиз түзүү. Биз окуучуларга жөн гана билим бербестен, өз алдынча ой жүгүрткөн, чыгармачыл, технологияны билген жана дүйнөлүк атаандаштыкка даяр инсан болуп калыптануусуна жардам беребиз.
20дан ашык заманбап багыт
Биз бир борбордо төмөнкү багыттарды бириктирдик: ОРТ даярдоо, тил курстары, IT жана программалоо, робототехника, STEM билим берүү, жасалма интеллект (AI), инженерия, мектепке даярдоо, репетитордук кызматтар, шахмат, сүрөт өнөрү, комуз, продленка жана башка 20дан ашык билим берүү программалары.
Биздин артыкчылыктар
5+ Билим берүү борборунда биз ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүнө ишенебиз. Анткени ар бир ийгилик — туура билимден, туура мугалимден жана туура тандоодон башталат. Биз ошол жолдо сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз болууга даярбыз.
Билим программалары
18 багытОнлайн катталуу
Форманы толтуруңуз — 15 мүнөттүн ичинде байланышабыз.